КР ӨКМ министри Б.Э.Ажикеевдин мамлекеттик 8-Март аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо сөзү

УРМАТТУУ АЙЫМДАР!

Сиздерди 8-Март аялдардын эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы мырзаларынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Көктөм менен кошо кирип келген ушул майрам адамзат түшүнүгүндө жаратылыштын ажары менен аялзатынын сулуулугунун символу катары кабыл алынат.

Жаз – жер бетин көрккө бөлөсө, аялзаты – адам баласына жашоо берет.

Айымдар – коом тарбиячысы.

Үй-бүлөдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар болуу менен багыт берип, насаат айткан балдарга жакын эне.

Улуу муундун даңктуу жолун улаган асылзат аялзаты турмуштун бардык кыйынчылыктарын сабырдуулугу, билимдүүлүгү менен жеңип чыгып, коомубуздун гүлдөп-өсүшүнө  зор салымдарын кошуп жаткандыгы баарыбызды кубандырып, өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Аялзатынын улуулугун, аруулугун, сулуулугун, мээримдүүлүгүн, назиктигин даңазалаган жаз майрамы сиздердин жан дүйнөңүздөргө жылуулук тартууласын.

Ишиңиздердин ийгилиги артып,  үй-бүлөдө ынтымактын, ырыскынын соолубас булагы болуңуздар. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм.

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев