КР ӨКМ министри Б.Э.Ажикеевдин мамлекеттик Туу күнүнө карата куттуктоо сөзү
Урматтуу мекендештер, кадырлуу кесиптештер!
Бүгүн жалпыбыз Кыргыз Республикасынын Туу күнүнүн 30 жылдыгын белгилеп турган чагыбыз. Кылымдар кыйырынан бери тарыхта өз ордун ээлеп, кыргыз атын, тилин, дилин жоготпой келе жаткан уюткулуу улуу элибиздин уңгусун улоо – биз үчүн сыймыктуу да, жоопкерчиликтүү да милдет.
Эгемендүүлүк – баарынан бийик жана баасы жок жетишкендик! Эркин сүйлөп, эркин жашап, өзүң каалаган максатка жетип туруунун өзү бакыт. Демек, кыргыздын уулдары кыйчалыш караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан, эртеңкини көрө билүү менен бүгүнкү эгемендикти түптөдү. Андыктан биз бул дөөлөттү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз! Анткени ааламдашуу заманында азыр ар бир көз карандысыз мамлекет эгемендиктин, эркиндиктин баасын жакшы түшүнөт. Ошондуктан тынымсыз жүрүп жаткан өзгөрүүдө ар бир улут өз кызыкчылыгын, баалуулугун, ордун сактап калууга ар бирибиз жан үрөп салым кошолу. Коомубуздун ар тармагында ийгилик жаратып, күчтүү, алдыңкы өлкө болууга умтулуубуз күч болсун. Анын жемиши катары дүйнөнүн чар тарабында сыймыктуу түрдө көккө көтөрүлө турган кызыл туубуз болсун.
Мамлекетибизде туруктуулук жана тынчтык, кадырман калкыбызда ынтымак болсун.
Урматым менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э. Ажикеев