КР ӨКМ министри Б.Э.Ажикеевдин жаңы жылдык куттуктоо сөзү

Урматтуу мекендештер, кадырман кыргыз калкым!

Жалпыңыздарды жаңы 2022-жылыңыздар менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин атынан чын дилимден куттуктайм!

Кылым кыйырынан, байыркы доорлордон бери уюткулуу элибиздин КӨРӨҢГӨСҮН улап, улуттук баалуулуктарды сактап, ааламдашуу заманында мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жан үрөп, кызыкчылыгы үчүн күйгөн ар бир жараныбызга ыраазычылык билдирем. Бул жагынан алып караганда мекенге, элине болгон чексиз сүйүү жана жоопкерчилик министрликтин ар бир кызматкеринин жүрөгүндө кыттай бекем орноп, күнү-түнү эл кызматында! Эл – мамлекеттин башкы байлыгы! Андыктан өлкөбүздүн ар бир жаранынын коопсуздугун, аманчылыгын тилеп, жаркын жашоосун камсыз кылууга болгон күч-аракетибизди чын дилибизден улантып, келечек үчүн кызмат кылабыз. Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды айланып өтпөгөн пандемиянын таасири соңку эки жылдан бери, дүйнө мамлекеттеринин экономикасын төмөндөттү. Мындай кыйынчылыкты Кыргызстан эли бекем ынтымагы, биримдиги, сабырдуулугу, көрөгөчтөгү менен жеңип келе жатат десем жаңылышпайм.
Кандай гана кырдаал болбосун эгемендиктин баркын, баасын эң негизги орунга коюп, журтубуздун Ала-Тоо койнунда жай турмушта өмүр сүрүшүн жараткан насип кылсын.
Узап бара жаткан жылга саресеп салсак, министрлик өзүнө тагылган башкы милдеттерди айныксыз, өз убагында аткарууга бардык аракетин жумшады. Бул иштер жарандарыбыздын коопсуздугу, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган ыйык милдетибиз деп билем.
Кадырлуу кыргыз калкым, урматтуу министрликтин кызматкерлери ар бирибиз үчүн жылдын жаңырышы – өмүрдүн узагын, ӨЗӨКТҮҮ жеңишти, чеги жок ийгиликти алып келсин. Күнүбүз ырыскыга бай, берекелүү, кырсыктан тышкары, тынч болсун. Журтубуз жыл ичинде жакшылыктын жышааны менен жеңиштерге жетип, желегибиз сыймыктуу желбирей берсин!
Терең урматым менен
КРнын Өзгөчө кырдаалдар
министри Бообек Эргешевич Ажикеев.