КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы айдоочу техник,прапорщик Эргешов Равшанбекти ардактуу эс алууга узатышты

Прапорщик Эргешов Равшанбек өмүрүнүн эң сонун жылдарын өрткө каршы кызматка арнаган. Тапшырылган милдеттерди ар-намыс менен аткарып, ар дайым улгу болгон. Жаш муундарга баа жеткис турмуштук жана эмгектик тажрыйбасын менен бөлүшүп келген. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн бир нече жолу сыйлыктар менен сыйланган.
Урматтуу Равшанбек, өзгөчө кырдаалдар учурунда берилген тапшырмаларды аткарууда берилгендигиңиз үчүн жана албетте тажрыйбаңыз жана акылмандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. КР ӨКМ өздук курамынын атынын Сизге бакубатчылык, эң негизгиси ден соолук каалайбыз.