КР ӨКМ жаш жоокерлери мекен алдында ак кызмат өтөөгө ант беришти

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмур шаарында жайгашкан КР ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Экинчи өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жаш жоокерлери мекен алдында ак кызмат өтөөгө ант беришти. Салтанаттуу иш-чара КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командиринин орук боюнча орун басары-оруктун башчысы подполковник И.Т.Усенбаев, Таш-Көмур шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Н.Боронбаев жана Экинчи өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын командири капитан Ж.Жанышбек уулунун башчылыгында өткөрүлдү.