КР ӨКМдин кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
- I. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: филология, журналистика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, гуманитардык илимдери.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”,
2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
– мамлекеттик органдын өкүлдөрүн калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушууларын жана официалдык комментарийлерди, интервью, пресс-конференцияларды, брифингдерди уюштурууну;
– бөлүмдүн жылдык, жарым жылдык, кварталдык, айлык жана декадалык иш пландарын түзүүнү;
– пресс-релиздерди, маалымат бюллетендерин, маалымат материалдарын жана башка маалымат продуктыларын даярдоо жана жайылтуу көндүмдөрү;
– фото жана видео материалдарды даярдоону;
– статистикалык, маалыматтык жана башка материалдардын фондун, анын ичинде фото, видео, аудио архивдерди түзүүнү.
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.
- II. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: табият таануу илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жаатында, аскердик билим берүү, саламаттыкты сактоо.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын квалификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 670 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону;
– жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүүгө, командапдап иштөөгө жөндөмдүү болушу зарыл.
3.3. Көндүмдөрү:
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди 2023-жылдын 6-мартына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.613 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385