КР ӨКМдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин биргелешкен маалымат жыйыны
КР ӨКМдин ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БИРГЕЛЕШКЕН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери ӨКМдин оор абалдагы аскер кызматкери, подполковник Адил Молдоевдин ден соолугу жана аны тик учак менен алып келе жаткандыгы тууралуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү.
Маалымат жыйынга Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургумбаев, врач нейрохирург Иса Дыйканалиев, кырсыктар медицинасы жана тез жардам бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Акматов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Алмазбек Асанов, ӨКМдин алдындагы МКДБнын башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев катышты.