КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт

КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын,

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

Талас облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт:

1.1.Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобуна (К-А):

                Квалификациялык талаптар:

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-Кесиптик билимдин деңгээли – техникалык илимдери; информатика жана эсептөө техникасы; табият таануу илимдери; архитектура жана курулуш; өзгөчө кырдаалдарда коргонуу; техносфералык жана өрт коопсуздугу, физика жана математика.

1.2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт.

1.3.Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана  муниципалдык кызмат жөнүндө»,

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө”,

-“Өрт коосуздугун камсыз кылуу жөнүндө”,

-“Жарандык коргонуу жөнүндө”,

-“Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”мыйзамдарын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы №381 “Кыргыз Республикасында өрт эрежелери жөнүндө”, 2019-жылдын 06-майындагы №214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы  №16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

1.4.Билгичтиги:

– жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;

– карталар менен иштей билүү жөндөмү;

– курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;

– медицина жана химия боюнча түшүнүгү;

– иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү;

1.5.Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин, ыкмаларын билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен, сүрөтү), өздүк таржымал (соттолугу бар же жок эендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • керектүү кесиптик билимин нотариустан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн  эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( эмгек стажы бар болсо);
  • илимий даража же илимий наамы (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.
  • паспортунун көчүрмөсү;

Документтерди 2023-жылдын ____-февралына чейин Кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 календардык күндүн ичинде саат 9.00дан 18.00 чейин тапшыруу керек.  Дареги:  Талас  шаары, Ч.Айтматов көчөсү 370. Маалымат алуу телефондору :  (03422) 5-25-01, 0500-323-269