КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы ачык сынак жарыялайт

КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн  кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт

I.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

1).Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2).Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

3).Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы  ПЖ №171  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын  жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;

4).Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому.

жана тиешелүү тармактар боюнча:

-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”  Мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы  № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосун.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

-Жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-Паспорттун көчүрмөсүн;

-Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын  11-ноябрына чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Г.Айтиев к.,10,тел.0552 112912

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mchs.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.