КР ӨКМге электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча кайрылуулар түшкөн жок

Электр жарыгы өчкөн учурда КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 кызматына Республики боюнча 500гө жакын чалуу болгон.

Маалыматка ылайык, электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча чалуу түшкөн жок. Жарандардын чалуулары тек гана электр жарыгы эмне себептен өчкөдүгү жана качан күйө тургандыгы тууралуу болгон.

  • Учурда 112 кызматы үзгүлтүксүз иштөөдө жана ӨКМдин Куткаруу кызматтары ыкчам түрдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиребиз.