КР ӨКМге караштуу  Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордо   21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

КР ӨКМге караштуу  Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун №86123 аскердик бөлүгүндө   21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада жоокерлерге  өз өлкөсүн сүйгөн адам эне тилин урматтай тургандыгы, заман талабына жараша жети элдин тилин, жети түрдүү билимди билүү керек экендигине баса белгиленди.

Эне тилди даңктап жазган акын-жазуучулардын   эне тил тууралуу ырлары жатка айтылып,“Манас” эпосу жана манасчы Саякбай Каралаев тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.    Иш-чаранын жүрүшүндө элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү болгон  улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду.