КР ӨКМдин ӨКга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин адистери жер көчкү кооптуу тилкелерин изилдөө иш чараларын жүргүүзүдө
КР ӨКМге караштуу ӨКга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери Азия Өнүктүрүү Банкынын «Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу» долбоорунун алкагында эл аралык консультациялык мекеме EGIS, Геокансалт, Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте, Ош жана Джалал-Абад облустарынын жер көчкү кооптуу тилкелерин механикалык жол менен тектирлеп түшүрүү жана мониторинг жана байкоо системаларын орнотуу боюнча иш-чараларын уюштуруу боюнча жеринде изилдөө жумуштары аткарылып жатат.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жер көчкү тобокелдигин азайтуу боюнча инженердик иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу инфраструктура, жамааттын активдери менен байланышкан жер көчкү тобокелдиктерин төмөндөтөт жана жер көчкү тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүү жаатындагы кызыкдар тараптардын институционалдык потенциалы бекемделет