КР ӨКМнин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы ачык сынак жарыялайт

КР ӨКМнин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн  кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт.

I.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй  квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, инженердик жана гидротехникалык курулуш кесиптер, геодезия жана жерге жайгаштыруу багыттагы жогорку билим, инженер-гидротехник, инженер-геодезист, инженер-сметчик

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт

Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү:

-компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

жалпы мыйзам актылары:

1).Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2).Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3).Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

жана тиешелүү тармактар боюнча:

-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”  мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы  № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосун, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат жөнүндө жобосун;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы №4-нпа  буйругу менен бекитилген “Курулуштун нормалары жана шарттары” МДС 81-01-2015  (СНиП, ГОСТ).

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:

-Жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-Паспорттун көчүрмөсүн;

-Керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын  7-октябрына чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Ош шаары, Г.Айтиев к.,10,тел.0552 112912

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mchs.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.