КР ӨКМнин делегациясы кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча Европалык форумга катышууда
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.Шамырканов жана Кыргызстандын Улуттук платформасынын секретариатынын жетекчиси курамындагы делегация кырсыктын коркунучтарын азайтуу боюнча Европалык форумуна катышууда. Форум 25-26-ноябрда Португалиянын Матозиньюш шаарында өтүүдө.
Бул форумдун тегерек столунда ӨК министринин орун басары У.Шамырканов коронавирус Covid-19 илдетинен алынган сабактар жана пандемия менен күрөшүү, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу боюнча өлкө тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу баяндама жасады.
Мындан тышкары, БУУнун кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын “Кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу жана Борбор Азияда кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашырууну тездетүү” демилгесинин алкагында иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу белгиленди.
Форумдун пленардык жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын кырсыктын коркунучтарын кыскартуу боюнча улуттук платформанын Секретариатынын жетекчиси А.Айдакеев Сендай алкактык программасын ишке ашырууга байланышкан иш-чаралар туурасында маалымат берди.
Сендай алкактык программасын ишке ашыруу, ошондой эле Европа жана Борбордук Азия аймактарынын негизги өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында Европа форумунун жыйынтыгы боюнча 2021-2030-жылдарга жол картасы бекитилет.
