КР ӨКМнин кадрлар резервине киргизүү үчүн башкармалыгынын, административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, КР ӨКМнин кадрлар резервине киргизүү үчүн башкармалыгынын, административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

  1. I. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарга коргонуу, техносфердик коопсуздук, эл аралык мамилелер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • – Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”, “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Мыйзамдарын;
  • – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», токтомунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

  • чет тилдик өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүүнү белүү;
  • – эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен эффективдүү кызматташууну, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тышкы жана ички кызматташууну;
  • – эл аралык уюмдарга көрсөтүү үчүн долбоорлорду даярдоо талаптарын билүү;
  • – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө чет тилдерин билүү, англис тилине артыкчылык берилет.
  • – иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

3.3. Көндүмдөрү:

  • – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.
  1. II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
  2. 1.Кесиптик билимдин деңгээли:
  • – жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфердик коопсуздук, энергетика жана электроэнергетика, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, гуманитардык илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими, бухгалтердик эсеп жана анализ.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • – Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • – Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдарын;
  • – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 «Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартиптерин бекитүү жөнүндө» токтому,
  • – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы №243 “Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосун.
  • – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы №150-П “Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик  укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” буйругун.

3.2. Билгичтиги:

  • – курулуштагы экономикалык суроолорду билүү, калькуляция, сметаларды жана сметалык-каржы эсептерин жүргүзүүнү билүү;
  • – аналитикалык жөндөмдүүлүгү, аналитикалык иш-кагаздарын даярдоо, презентация жасоо жөндөмдүүлүгүнүн болушу;
  • – сатып алуулар боюнча тендердик иш-кагаздарды жана башка иш-кагаздарды даярдоо жөндөмдүүлүгү.
  • – компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүүсү.

3.3. Көндүмдөрү:

  • -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • -маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • – жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
  • – паспорттун көчүрмөсүн;
  • – керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 27-майына  чейин, жарыя чыккан күндөн тартып он календардык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Бишкек шаары, Осмонкулова көч., 128, Кадрлар бөлүмү 1-кабат, каб. 9  тел.:0312 43-91-16