Бишкек шаардык башкармалыгы бош кызмат орунга конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын  жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде,

I. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: өзгөчө кырдаалдарга коргонуу, техносфердик коопсуздук, эл аралык мамилелер;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт;

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”, “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», токтомунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:
чет тилдик өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык боюнча документтерди талдоо жүргүзүүнү белүү;
– эл аралык уюмдардын кызматкерлери менен эффективдүү кызматташууну, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тышкы жана ички кызматташууну;
– эл аралык уюмдарга көрсөтүү үчүн долбоорлорду даярдоо талаптарын билүү;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө чет тилдерин билүү, англис тилине артыкчылык берилет.
– иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

3.3. Көндүмдөрү:
 –  ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 28-апрелине  чейин, жарыя чыккан күндөн тартып он календардык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Осмонкулова көч., 128, Кадрлар бөлүмү 1-кабат, каб. 9  тел.:0312 43-91-16,  эл. почта (ok_umchs@mail.ru).