КР ӨКМнин кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын

 2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, КР ӨКМнин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук  административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:

  1. I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
  2. Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билим, экономика жана башкаруу илимдери боюнча экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы.

-Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы                  № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;

-Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө” мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын               15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.

3.2. Билгичтиги:

-аналитикалык документтерди түзүү ыкмалары, презентациялык көндүмү, аналитикалык жөндөмү;

3.3. Көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.

  1. II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдери, экономика.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы                  № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

– Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 25-апрелиндеги №186 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”  токтомдорун.

3.2. Билгичтиги:

– кадр менеджментин билүү.

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо.

3.3. Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди 2022-жылдын 8-октябрына чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.

         Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385