КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлери жана эркин жалданган кызматчылары аттестациядан өтүштү

КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана эркин жалданган кызматчылары аттестациядан өтүштү.

Аттестацияда 3 чакырым аралыкка чуркоо, тартынуу, күжүрмөн жайылтуу жана атайын тактикалык даярдык боюнча сыноолор өткөрүлүп зачеттор тапшырылды.

Андан тышкары кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна дал келгендигин тастыктоо максатында тесттер алынды.