КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев “Листвяжная” шахтасында катталган кырсыка көңүл айтты

Россия Федерациясынын Кемерово облусундагы “Листвяжная” шахтасында 46 жумушчу жана 5 куткаруучунун өлүмүнө алып келген кырсыкка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги терең кайгыруу менен көңүл айтты.
“Листвяжная” шахтасында куткаруучулар адамдарды сактап калуу милдетин аткарып жаткан. КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министри А.Чуприянга көңүл айтты:
“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан жана жеке өзүмүн атыман курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана кырсыктан жабыркагандардын тезирээк айыгып кетишин каалайм.”