КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган куткаруучулар тобу Туркияга жөнөп кетти

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ БАШТАГАН КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУ ТҮРКИЯГА ЖӨНӨП КЕТТИ
Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баш болгон 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-февралда жөнөтүлдү.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.