КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ КЫРГЫЗ ЭЛИН НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Урматтуу мекендештер!
Кадырман кыргыз элим!
Сиздерди, күн менен түн теңелген Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм.
Нооруз — адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы жаңыланууну, адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо. Бабалар басып өткөн бай тарыхыбыз, бийик нарк, каада-салтыбыз улам кийинки муунга өтүп келаткан саамалык.
Улустун улуу күнүн элибиз байыртан эле жаңы күн катары ак тилек, асыл максат менен тоскон. Табияттагы жаңылануу, көктөм деми элибизде дагы аруулуктун, тазалыктын башаты катары майрамдалат.
Урматтуу кыргыз журтум!
Жараткан жалгап, жаңырган жылда элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун!
Уучубуз узарып, урпагыбыз улансын.
Кылым карыткан Нооруз майрамы кут болсун!
Урматым менен
Өзгөчө кыдаалдар министри Б. Ажикеев