КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Мамлекеттик Гимндин 30 жылдык мааракеси менен кыргыз журтчулугун куттуктады

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ МАМЛЕКЕТТИК ГИМНДИН 30 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КЫРГЫЗ ЖУРТЧУЛУГУН КУТТУКТАДЫ:
“Урматтуу мекендештерим жана куткаруучулар!
Өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, Кыргыз Республикасы мамлекеттин символикалык белгилерин кабыл алган. 30 жыл мурун 18-декабрда Мамлекеттин Гимни кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин эгемендигибизди даңазалап, жаңырып келет.
Сиздерди Кыргыз мамлекетинин Гимнинин 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден өзүмдүн жана жалпы жамаатымдын атынан куттуктайм!
Улуттун мамлекет катары калыптанышы, географиялык аймагынын бар экендиги, улуттук баалуулуктары, маданиятын чагылдырган мамлекеттик символдорго ээ экенибиздин өзү бакыт!
Кезинде Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары мамлекеттик символдорду кабыл алып, жыйынтыгында сөзү Жалил Садыковго жана Шабданбек Кулуевге, музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык Гимн тандалып алынган.
Учурда ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнө бекем орноп, ар кандай мамлекеттик, эл аралык, республикалык, маанилүү расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ыйык туткан Гимнибиз менен баштайбыз.
Анткени Мамлекеттик Гимн улуттун улуу символу, көөнөргүс руханий мурасы катары элибиздин баалуу казынасын байытууга, жаш муундардын мамлекетке, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, мекенчилдикке үндөйт.
Урматтуу мекендештер!
Бардыгыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!
Эгемен элибиз мамлекеттик символдорун ыйык тутуп, ынтымакта, биримдикте өмүр сүрсүн!”