КР Жарандык коргонуусунун башкаруу органдары менен атайын машыгуу

Бүгүн, 20-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамыркановдун жетекчилиги астында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун машыгуулары өтүүдө.

Атайын машыгуулар эки этапта Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана комплекстүү камсыздоого даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу иштеп чыгуу менен өткөрүлөт.

Учурдагы машыгуунун максаты – БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин тыгыз кызматташуусу жана колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык бөлүмдөрүнүн качкындарды кабыл алууга даярдыгын текшерүү.

Машыгуунун алкагында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында качкындарды кабыл алуу пунктун түзүү, ошондой эле аларды кабыл алуу, уюштуруу, жайгаштыруу жана ар тараптуу гуманитардык жардамдарды көрсөтүү боюнча практикалык иш-чаралар иштелип чыкты.

Машыгууга  КРнын

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, КРнын Энергетика министрлигинин, КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү, өлкөнүн Улуттук Кызыл жарым ай коому жана башка тиешелүү уюмдар катышышты.