КР жарандык коргонуусунун башкаруу органдары менен атайын машыгуу

2021-жылдын 19-20-ноябрында Кыргыз Республикасынын аймагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өткөрүлөт.

Атайын машыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу окутуу менен эки этапта өткөрүлөт.

Бул машыгуунун максаты Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун аймактык тутумдарынын качкындарды кабыл алуу боюнча күчтөрдү жана каражаттарды көзөмөлдөө органдарынын аракеттеринин даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.

Практикалык иш-чаралардын жүрүшүндө келген качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Машыгууга КР Президентинин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана КР Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышат.

Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМдин имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн түрүндө көрсөтүлөт.