Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жумуш ордуна сынак жарыялайт!
КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору ӨКМдин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
- I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку, төмөндөгү тармактар боюнча: инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы; эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар; фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар; электроника жана наноэлектроника; география; картография жана геоинформатика; жаратылышты колдонуу жана экология; геодезия жана аралыктык байкаштыруу; физика, экономика, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жаатында.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги тест боюнча:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Предметтик тест боюнча:
– Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-январындагы №1 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2012-жылдын 3-апрелиндеги №224 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын квалификациясынын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 24-июнундагы №315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө”; 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”; 2019-жылдын 3-июнундагы №274 “Жарандык коргонуу түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө” Жоболорун.
3.2.Билгичтиги:
– компьютерди тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде билүү;
– ArcGIS (милдеттүү түрдө), Arcview, Mapinfo, QGIS2.18, ПК IMC, GoogleMap, GoogleEartPro программаларын билүү;
– топологиялык маалымат түзүмүн түшүнүү;
– Кыргыз Республикасынын, облустарынын, райондорунун, шаарларынын жана айылдарынын гидрография, өсүмдүктөр, инфраструктура, рельеф жөнүндө геобайланыш жана дистанциялык изилдөөнүн маалыматтарын электрондук картага түшүрүү боюнча иш чараларды билүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу табигый процесстеринин жана потенциалдуу кооптуу объектилердин бирдиктүү маалымат банкын түзүү боюнча иш чараларды билүү.
3.3. Көндүмдөрү:
– офистик жана системалык программаларды (колдонуу деңгээлинде). Illustrator, Corel географиялык редакторун колдонуу;
– программалоого жөндөмдүү;
– эсеп-кысап нормаларынын жыйнагын жана геодезиялык жабдууларды колдонуу (мүмкүн болсо);
– кадастрдык инженер сертификатынын болуусу (мүмкүн болсо).
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш багытын туура бөлүштүрүү;
– картанын мейкиндик суроо-талаптарын (пространственный запрос), масштабынын өзгөртүүсүн, навигациясын жана өзгөчө кырдаалдардын андан ары өрчүүсүн моделдештирүүнү уюштуруу;
– программалык камсыздоо тутумундагы кырсыктарды алдын алуу, алардын себептерин аныктоо жана аларды четтетүү боюнча иш чараларды жүргүзүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо.
- II. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку, төмөндөгү тармактар боюнча: колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары, информациялык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо, политология, юриспруденция, эл аралык мамилелер, филология, лингвистика, укук коргоо иши, социология, педогогика, экономика, логистика, персоналдарды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, компьютердик лингвистика, информациялык системалар жана технологиялар, колдонмо информатика, программалык инженерия, интернет технологиялар жана башкаруу, гуманитардык багытта.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги тест боюнча:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
Предметтик тест боюнча:
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» жарлыгын; 2022-жылдын 16-майындагы №252 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомдорун;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө” Жоболорун.
3.2.Билгичтиги:
– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдалуусун көзөмөлдөө;
– мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;
– иш кагаздарын жүгүртүүнү натыйжалуу пландоо.
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикетинин ыкмаларын билүү;
– компьютерди жана оргтехникаларды иштете билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү иш кагаздарды тапшыруу зарыл:
– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
– паспортунун көчүрмөсүн;
-тийиштүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерди 2022-жылдын 23-декабрына чейин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кадр бөлүмчөсүнө тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү 128, байл.тел: 0552112983.
Кошумча маалыматтарды КР ӨКМдин сайтынан (www.mes.gov.kg) жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтынан (www.mkk.gov.kg) алууга болот.