Кудайберген базарында алдын ала маалымат боюнча 10дон ашуун контейнер күйдү
Бишкектеги Кудайберген базарында чыккан өрттө унаа тетиктерин саткан 10дон ашуун контейнер күйгөн. Өрт саат 17:45те чектөөгө алынды.
Калаанын Биринчи Май районундагы алдын ала маалымат боюна, Патриса Лумумбы көчөсүндө жайгашкан Кудайберген базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн
Өрттү өчүрүүгө саат 16:03төн тарта ӨКМден жалпы 5 бөлүм Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан Ыкчам топ тартылды.
Мындан сырткары Мэриядан 2 суу ташуучу унаа, ИИМ жана тез жардам кызматы тартылды.
Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.













