Кулматов Эделбек Маматкулович Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эделбек Кулматов 1982-жылдын 25-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Михайловка айылында туулган.
Билими жогорку:
1999-2005 – ж.ж. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин ийгиликтүү аяктап, “Юрист” адистигине ээ болгон.
2008-2011 – ж.ж. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча билим алган.
Ошондой эле кошумча бухгалтердик эсеп курсун аяктаган.
Класстык чени жана наамы: 2 – класстагы юрист.
Эмгек жолу:
🔹2004–2008-ж.ж. – Жалал-Абад шаардык сотунда сот отурумунун катчысы;
1 – категориядагы адис
🔹2008 – 2010-ж.ж. – Жеке ишканада юрист, адвокат;
🔹2010 – 2017-ж.ж. – Жеке ишканада башкы директор;
🔹2017 – 2018- ж.ж. – Жеке адвокат;
🔹2018 – 2020-ж.ж. – Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы;
🔹2020 – 2020-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясында эксперт;
🔹2020 – 2022-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Башкы директорунун
орун басары
🔹2022 – жылдын 13-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин
орун басары болуп дайындалды.