“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАКнын Жарандык коргонуу даярдыгы бааланды

Бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия курамы министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамыркановдун жетекчилиги менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун 3800 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан алтын кенин өндүрүүчү ишканасын текшеришти.
Баалоонун жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ишкананын өрт коопсуздук эрежелерин, материалдык техникалык жабдууларын, химиялык элементтер менен иштөө жана техникалык коопсуздугу текшерилип, табигый жана техногендик кырсыктар катталган учурда алгачкы жардам көрсөтүү кеңештерин беришти.
Ошондой эле комплекстүү текшерүүдө инженердик, радиациялык, химиялык элементтер менен иштөө коопсуздук чаралары, коопсуз жайларга көчүрүү сыяктуу эвакуациялык иш-чараларды уюштуруу жана
кенчилердин коопсуздугу, менен таанышып, жеринде көрүп чыгышты.
Комиссия курамы ишкананын жетекчилигине кээ бир кетирилген кемчиликтерин оңдоо, куткаручууларды окутуп, даярдап алууну сунушташты.