Куткаруучу сизге рахмат! Ош шаарынын тургуну куткаруучуларга 4 атайын куткаруу шаймандарын тапшырды

Бүгүн 2022-жылдын 27 октябрь күнү Ош шаарынын тургуну Пазылов Шумкар 1 млн. сомдун тегерегиндеги алынган  «Универсалдык авариялык-куткаруучу гидротехникалык шаймандардын»  4 комплектисин КР ӨКМдин Ош шаарынын башкармалыгынын куткаруучуларына белек катары тапшырды. Заманбап шаймандардын жогорку өндүрүмдүүлүгү, мобилдүүлүгү, жеңил салмагы жана ыңгайлуулугу менен куткаруучулардын иштеринде чоң салым кошот.

”Урматтуу куткаруучулар, сиздер ар кандай оор кырдаалда өз жаныңарды тобокелге салып башкалардын өмүрүн сактап жүрөсүздөр. Кооптуу учурда биздин өмүр сиздердин ыкчам аткарган жумушуңуздардан көз каранды. Бирок биз сиздердей кайраттуу инсандарыбызга ыраазычылык билдире бербейбиз. Сиздердин эмгегиңиздерди баалап, ар дайым кесибиңиздерге терең урмат-сыйымды билдирем”,- деди Ош шаарынын катардагы тургуну Шумкар Пазылов.

Белгилей кетсек, атайын шаймандардын 2 даанасы Баткен облусунун куткаруучуларына жиберилет.