Куткаруучулар бекилип калган батирдин эшигин ачышты

17-апрель күнү Каракол шаарынын Жакыпова көчөсүндөгү көп кабатту үйдүн бир батиринин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен батирдин эшигин ачып беришкен.

Жабыркагандар катталган жок.