Куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып беришти

27-февраль күнү саат 16:40 чамасында Каракол шаарынын Алдашев көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйүнүнүн бир батиринин эшиги бекилип калгандыгы тууралу малымат келип түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, эшикти атайын шаймандары менен ачышкан.

Жабыркагандар катталган эмес.