Куткаруучулар үчүн атайын окутуулар уланууда

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн министрликтин 2022-жылга карата негизги иш-чараларынын планына ылайык, “Суучул” жана “3-класстагы суучул” квалификациялары менен кызматкерлерге окутуу жүрүүдө.

Учурда окутуу Ош шаарындагы Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында, атайын уюштурулган окуу пункттарында кезектеги топ өтүп жатат.