Куткаруучулар эшиги бекилип калган үй ичиндеги кызга жардам көрсөтүштү

КУТКАРУУЧУЛАР ЭШИГИ БЕКИЛИП КАЛГАН ҮЙ ИЧИНДЕГИ КЫЗГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮШТҮ
Кыздын бутуна шише түшүп, кесип кеткен.
3-март күнү куткаруучулар Чүй облусунун Токмок шаарындагы В.Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришип, үй ичинде калган 10 жаштагы кызга кечиктирилгис биринчи жардам көрсөтүштү.
Батирдин ичинде 2013-ж.т. Б.Е. аттуу кыз бутун шишеге кесип алган. Куткаруучулар жабыркаган кызга жеринен жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Эшик ачууга Токмок шаардык №21 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.