Куткаруучулар Кахраманмараш шаарынын 8 тилкесинде иштөөдө

КУТКАРУУЧУЛАР КАХРАМАНМАРАШ ШААРЫНЫН 8 ТИЛКЕСИНДЕ ИШТӨӨДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, учурда издөө-куткаруу иштери Кахраманмараш шаарынын 8 тилкесинде жүргүзүлүүдө. Кыргызстандык куткаруучулар 9 күн ичинде урандылардын астында калган 5 адамды аман алып чыгып, 158 жарандын сөөгүн табышты.