Куткаруучулар куткаруу иштеринде

КУТКАРУУЧУЛАР КУТКАРУУ ИШТЕРИНДЕ
Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) берген тапшырмаларына ылайык, жер титирөөдөн урап түшкөн урандылардын астында калган адамдарды издеп, куткаруу жумуштарын аткарышууда.
Учурда куткаруучулар 67 адамдан туруп, курамында фельдшерлер, психолог, издеп, куткаруу иштерин аткарууга кинологдор бар.
Куткаруу, тазалоо иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалыматтар берилет.