Куткаруучулар оюнчукка кыпчылып калган наристенин колун чыгарып беришти

Куткаруучулар 3 жаштагы наристенин оюнчукка кыпчылып калган колун чыгарып беришти. Баланын абалы жакшы.

Бул боюнча маалымат 23-октябрь күнү саат 23:27де түшкөн. Анда  ордо калаанын Кара-Жыгач конушунун Анкара көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жашоочусу 2019-жылы туулган Э.К. аттуу баласынын  оң колунун аты жогун оюунчукка  киргизип алып чыгаралбай калгандыгы тууралуу кабарлаган.

Жерине КР ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып,  атайын  шаймандын жардамы менен колун чыгарып беришкен.