Куткаруучулар тобу Газиантеп шаарына конду

КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУ ГАЗИАНТЕП ШААРЫНА КОНДУ
Бүгүн Кыргызстандан Түркия өлкөсүнө 80 куткаруучу, гуманитардык жардам 78 боз үй, 3 дарыгер жана боз үй тигүүчүлөр атайын борт менен жөнөтүлгөн.
Учурда атайын борт Газиантеп шаарына конду. Куткаруучулар, дарыгерлер жана гуманитардык жардам зилзаланын очогу – Кахранмараш шаарына жол тартат.
Жөнөтүлгөн бортту Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.
Ал эми куткаруучулардын 3-тобу жакынкы күндөрү кошумча борт менен жабыр тарткан өлкөгө сапар тартышат.