Куткаруучулар тоодо жоголгон жаранды табышты

20-февраль күнү Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн капчыгыйында 31 жаштагы А.У. эркек киши тоого чыгып дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 112 кызматынан келип түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзү үчүн жерине КР ӨКМнин №1 ӨКБ 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар аталган жаранды эки саат аралыгында издеп, аман-эсен табышкан.

Учурда жарандын абалы жакшы.