Куткаруучулар унаанын астында калган жарандын өмүрүн сактап калышты
10-январь күнү Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кербез көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1985-ж.т. А.А аттуу эркек киши Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны оңдоп жаткан учурда домкраты бузулуп, басып калган. Маалымат 112 кызматына түшөрү менен 5 куткаруучу ыкчам түрдө жерине барып, кечиктирилгис жардам көрсөтүү менен адам өмүрүн сактап кала алышты.


Андан соң куткаруучулар жабыркаган жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирип беришкен. Учурда анын абалы дарыгерлер тарабынан орто деп бааланууда.