Куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

❗КУТКАРУУЧУЛАР ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАНДЫ САКТАП КАЛЫШТЫ
Бүгүн Чүй облусунун Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек 9 кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.
Алдын ала маалымат боюнча аталган адамдын абалы туруктуу.