Куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты

10.11.2022
❗КУТКАРУУЧУЛАР ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАНДЫ САКТАП КАЛЫШТЫ
Бүгүн Бишкектин Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен 1990-жылы туулган Д.Х атту жаран (эркек киши ) секирип, өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап кала алышты.
Такталган маалыматка ылайык, жаран эч кандай жаракат алган эмес.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР