Куткаруучулардан Кыргызстан убактысы боюнча 13:30га карата маалымат
КУТКАРУУЧУЛАРДАН КЫРГЫЗСТАН УБАКТЫСЫ БОЮНЧА 13:30га КАРАТА МААЛЫМАТ
Түркия мамлекетинде жер титирөөнүн кесепетинен ураган имараттардын астынан издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан 34 жарандын сөөгү табылып чыгарылды.
Адаттагыдай эле жабыркаган жарандарга биздин медицина кызматкерлери жардамын көрсөтүүдө.
ӨКМдин куткаруучулары мерчемделген иш графикке ылайык өз милдеттерин аткарууда.