Кыргыз куткаруучулары Хатай облусундагы урандылардын алдынан 3 жаранды тирүү табышты

КЫРГЫЗ КУТКАРУУЧУЛАРЫ ХАТАЙ ОБЛУСУНДАГЫ УРАНДЫЛАРДЫН АЛДЫНАН 3 ЖАРАНДЫ ТИРҮҮ ТАБЫШТЫ
Бүгүн, 18-февралда Хатай облусунун аймагында издөө-куткаруу иштеринин нытыйжасында кыргыз куткаруучулары 5 адамды урандылардын астынан алып чыгышты. Алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. 5 адамдын 3өө тирүү, ал эми 2 баласы каза болуп калган.