Кыргыз почтасында машыгуу өткөрүлдү
КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫНДА МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз почтасынын имаратында өрт тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуу 2023 -жылга карата түзүлгөн иш пландын негизинде өткөрүлүп, кызматкерлерге өрт кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу жана жер титирөө кырсыктары катталган учурларда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


