Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу процесстер менен кубулуштардын мониторинги жана божомолдоо” аттуу китеби иштелип,басылып чыгарылды
2023-жылга карата “Кыргыз Республикасынын аймагындагы кооптуу процесстер менен кубулуштардын мониторинги жана божомолдоо” аттуу китеби иштелип чыгып, жыйырманчы басылышы басылып чыгарылды. Китепте Кыргызстанда кездешүүчү негизги кооптуу табигый коркунучтардын түрлөрүнүн божомолдору, ошондой эле кооптуу өндүрүш ишканалары, өрт коопсуздугу, радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоочу жайлар тууралуу маалыматтар камтылган.
Китепте, Кыргыз Республикасынын аймагында кеңири тараган жана кооптуу табигый процесстери жана кубулуштар, техногендик коркунучтардын айрым түрлөрү жөнүндө маалыматтар берилген. Облустардын карта-схемаларында кооптуу табигый процесстердин өнүгүү зоналары, алардын мүмкүн болуучу өнүгүшүүнүн күчүнө жараша коркунуч даражаларына бөлүнүү менен көрсөтүлгөн. Ошондой эле китепте, кооптуу процесстерге мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жаатындагы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча ар кандай мекемелердин жана авторлордун макалалары жана материалдары камтылган.
Басылма, мамлекеттик администрациялар, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы Жарандык коргонуунун тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча жетектөөчү документ болуп саналат. Китепти маалыматтык материал катары өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук маселелери менен алектенген уюмдар, проектировщиктер, адистер колдоно алышат.