Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат
2022-жылдын 17-февралы, саат 08:00гө карата
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына ылайык, Бишкек шаарында – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Чүй облусунда – 1, Баткен облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ош облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.