Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы кыргыз элин 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктайт

🇰🇬Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы кыргыз элин 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктайт.
Кыргызстанда 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү.
Абалтадан ак карлуу аска-зоодой бийиктикти, аруулукту, намысты, улуудан урпактарга мурас боло турчу баш кийими болгон ак калпак ар убак бааланып, өзгөчө кастарланып келгени анык.
Уңгусу менен тамыры терең кыргыз эли кийимди жөн гана кийип тим болбостон философиялык терең маанини жана тарбияны беришкен. Маселен калпактын кыюусунун өңү, тигилиши, түзүлүшү кыргыз эркектеринин жаш өзгөчөлүгүн, социалдык абалын кошо туюнтуп турган. Анын кийген калпагына карап, болжолдуу канчаларда экенин, кандай шартта жашарын айттырбай аңдап коюшкан.
Бул күндү майрамдоону кинорежиссер Рысбек Жабиров демилгелеп, 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак күнү катары расмий бекитилип, 2017-жылы айрым сунуштардын негизинде токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары кабыл алынган.