Кыргыздын аппак боз үйлөрү Туркиянын Кахраманмараш шаарына тигилди

КЫРГЫЗДЫН АППАК БОЗ ҮЙЛӨРҮ ТҮРКИЯНЫН КАХРАМАНМАРАШ ШААРЫНА ТИГИЛДИ
“Түркияда тигилген боз үйлөр казак элине таандык” деген видеомаалымат тууралуу соцтармактарга тарап, көрөрмандардын кызуу талкуусун жаратууда. Ал тургай бул видео коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп жатат.
Мындан улам тактоо иретинде билдирсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапародун демилгеси менен жер титирөөдөн жабыркаган түрк боордошторго боз үйлөр гуманитардык жардам катары 12-13-февралда жөнөтүлгөн.
Ал эми 13-февралда өздүк курам менен биргеликте Түркия Республикасына учуп кеткен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кахраманмараш шаарынан бөлүнгөн тикеге тигилген боз үйлөр шаарчасына барып, кыргыз элинен келген жардамды жергиликтүү уюштуруучуларга өткөрүп берет.
кыргыздын боз үйү деп жарнамалап жаткан үчүнчү тарапка жообум — кезинде Карганбек Самаков кыргыздын баалуулугун, маданиятын чагылдырган боз үйүн, көк бөрүсүн Дүйнөлүк мурастардын катарына каттаткан. Эч ким талаша албайт!!!