Кыргызгидромет кызматында “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Кыргызгидромет: 21февраль – “Эл аралык эне тил күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын бир айлык планынын 2-пунктуна ылайык,  “Мен кыргыздын жараны” урааны менен өткөрүлүүчү “Эне тилим –  менин дилим” темасындагы иш-чараларды уюштуруу боюнча КР ӨКМнин Тил комиссиянын тарабынан келген тапшырманы аткаруу максатында;

2023-жылдын 10-февралында, 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө карата “Эне тилим – менин дилим” — деген темада салтанатуу иш-чара өткөрүлдү. Салтанатуу жыйындын ачылышы Кыргызгидрометтин директору Нуртемир Зулумович Мурзабековдун куттуктоо сөзү менен башталып андан кийин видеоролик көрсөтүлдү. Көркөм ыр окуу, тил  маданияты  тууралуу  докладдар окулуп көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, салтанатуу иш-чара жогорку деңгээлде өттү.