Кыргызстан куткаруучуларын Туркия мамлекетине узатты

КЫРГЫЗСТАН КУТКАРУУЧУЛАРЫН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНЕ УЗАТТЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 12-февралда куткаруучуларды узатуу иш-чарасы өттү.
“Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган катышты.
Куткаруучуларды узатып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 80 куткаруучу, 3 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 78 боз үй жөнөтүлдү.
Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын башында жеткирилмекчи.
Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.